...

Президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен барат

Кыргызстан Материалы 23 марта 2023 14:02
Kabar Sabir Alizade
Президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен барат

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымына караганда, Кыргызстандын президентинин мамлекеттик визити 2023-жылдын май айына пландалган.

"Аны менен катар Садыр Жапаров Кытай-Борбордук Азия саммитине дагы катышат", - деп, учурда тараптар мамлекеттик сапарга даярдык көрүп жатышкандыктарын кошумчалады.

Тэги:
Лента

Лента новостей