БАКУ /TurkicWorld/ - 2025-жылдын 28-июлунда Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова Ислам дүйнөсүнүн билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюму – ИСЕСКО тизмелерине маданий мурастарды кошуу үчүн номинациялык досьелерди даярдоого арналган биринчи семинардын ачылышында сөз сүйлөдү. Иш-чара ИСЕСКОнун Бакудагы аймактык кеңсесинде өттү.
Фонддун президенти бул иш-чаранын Ислам дүйнөсүнүн жана Түрк дүйнөсүнүн бай маданий мурастарын сактоо жана даңазалоо жагынан өзгөчө маанисине токтолду. Ал ошондой эле бул семинар жемиштүү талкуулар жана тажрыйба алмашуу үчүн пайдалуу платформа болоруна ишенимин билдирди.
Өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө Актоты Раимкулова Түрк маданияты жана мурасы фонду менен ИСЕСКОнун тыгыз кызматташтыгын белгилеп, бул багытта биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып жатканын айтты. Алардын катарында Кыргызстандагы Ыссык-Көлдүн жээгинде өтө турган эл аралык "Рух Санат" маданий форумуна катышуу да бар. Ал ошондой эле ИСЕСКОнун башкы директору Салим бин Мухаммед аль-Малики менен болгон жемиштүү жолугушуусун жана Самарканд шаарын Ислам дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыялоо алкагында Фонд менен ИСЕСКО ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумга кол коюу боюнча жетишилген келишимдерди айтып өттү.
Семинардын ачылыш аземинде ошондой эле ИСЕСКОнун Бакудагы аймактык кеңсесинин директору Абдулхаким АлСанан, ИСЕСКОнун өнөктөштүк жана эл аралык кызматташтык секторунун жетекчиси Анар Керимов, ИСЕСКОнун директорунун орун басары Мярьям Гафар-заде жана "Ичери шехер" мамлекеттик тарыхый-архитектуралык корук башкармалыгынын төрага орун басары Руфат Махмуд да чыгып сүйлөшүп, семинардын маанилүүлүгүн баса белгилешти жана катышуучуларга ийгилик каалашты.
Семинардын алкагында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген өкүлдөр жана адистер катышкан тренинг сессиялары башталды. Бул сессияларда ИСЕСКОнун номинациялык тизмелерине документтерди даярдоого байланыштуу теориялык жана практикалык билимдер берилүүдө.
Белгилей кетүүчү нерсе, семинарга Түрк маданияты жана мурасы фондунун делегациясы да катышууда.







