«КРнын президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

«КРнын президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Натыйжалуу мамлекеттик башкарууну камсыздоо, облустарда мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү институту Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институту болуп кайра түзүлсүн.

Төмөнкүлөр бекитилсин:

— Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө типтүү жобо 2-тиркемеге ылайык.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:

— бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитсин;

— эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыктын жоболоруна ылайык келтирсин;

— ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө типтүү жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин.

Ушул Жарлыкты ишке ашыруу штаттык сандын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары үчүн тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.