Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев Кыргызстандагы заводдо унаа чыгарууга старт берет

Ташкент, 18.07.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери – Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев Ташкенттен видео байланыш аркылуу Чүй облусундагы өзбек-кыргыз заводунда унаа чыгарууга старт берет. Бул тууралуу кечээ Ташкентте өткөн өзбек-кыргыз бизнес-форумунда UzAuto департаментинин директору Рустам Бекчанов билдирди.

Анын айтымында, заводдун расмий ачылуу аземи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 18-19-июлда Өзбекстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында өтөт.

"Биринчи этапта үч моделди - Cobalt, Onix жана Tracker чыгаруу пландаштырылууда, кийинчерээк завод кеңейтилет. Завод буга чейин жалпы суммасы 711 миң доллар болгон автоунаалардын пилоттук партиясын жөнөткөн. Июлдун аягына чейин 336 миң долларлык 28 унааны жөнөтүү пландалууда", - деди Бекчанов.

Эскерте кетсек, "ДТ Техник" ЖЧК и "НУР" ААК (Кыргызстан), ошондой эле "Узавтосаноат" (Өзбекстандын) ААКтын ортосунда Чүй облусунда автомобиль жана коммерциялык жабдууларды чыгарууну уюштуруу боюнча келишимге кол коюлган. Ал үч этапта ишке ашырылып, 6 жылдын ичинде автоунааларды чыгарууну 30 миңге жеткирүү жана Кыргызстандын жарандары үчүн 2 миңден ашык жумуш орундун түзүү пландалган.