Тарых музейине 100 жыл. Бишкекте илимий-практикалык конференция өтүүдө

Бишкек, 09.10.25 /Кабар/. Бишкекте Улуттук тарых музейинин 100 жылдыгына арналган “Маалымат доорундагы тарыхый институттар, китеп жана окуу” аттуу IV эл аралык илимий-практикалык конференциясы ѳтүүдө.

Иш-чарага бийлик органдарынын жана алдыңкы институттардын ѳкүлдѳрү, онго жакын ѳлкѳлѳрдүн элчилери, КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет өлкөлөрдөн жана Кыргызстандын аймактарынан – музейлердин жетекчилери, окумуштуулар; окуу методисттери, жазуучулар, жогорку окуу жайлардын, китепканалардын, басмаканалардын ѳкүлдѳрү катышты.

Конференция, Улуттук тарых музейи жана ЮНЕСКОнун «Маалымат бардыгы үчүн» программасынын Россиялык комитети тарабынан, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, ошондой эле КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун (МГФК) колдоосу менен уюштурулууда.

Конференциянын салтанаттуу ачылышында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев музейдин жалпы жамаатын жана 100 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Ал кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгүн ордун белгилеп жатып, “Улуттук тарых музейи - Борбор Азиядагы эн ири музейлердин бири болуп саналат. Көп жылдардан бери уникалдуу жана кайталангыс экспонаттары менен биздин бай жана көп кылымдык тарыхыбызды даңазалап келет. Музей археологиялык табылгалары, чыныгы документтери баалуу сүрөттөрү жана тарыхый экспонаттары менен элдин байыркы тарыхын, өзгөчө маданиятын жана улуулугун чагылдырат. Ошондой эле бардык этаптардагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүн чагылдырып турат”,-деди.

Андан сырткары, музейдин кызматкерлерине Министрлер кабинети тарабынан сыйлыктар ыйгарылып, мекеменин директору Жылдыз Бакашева “Түрксой” уюмунун атайын төш белгиси менен сыйланды.

Белгилей кетсек, Улуттук тарых музейи 1925-жылы Абдыкадыр Орозбековдун демилгеси менен түзүлүп, 1927-жылы өз эшигин ачкан. Музейдин алгачкы директору этнограф С.М. Абрамзон болгон. Тарыхый өнүгүү жолунда музей бир нече жолу атын өзгөртүп, 2018-жылы “Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи” макамын алган. Бүгүнкү күндө музей байыркы доордон XXI кылымга чейинки Кыргызстандын тарыхын чагылдырат.