Түрк маданияты жана мурасы фонду Түрк дүйнөсү Актоты Райымкулова Казакстан Мухтар Тлеуберди

Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Казакстандын тышкы иштер министри менен жолугушту

2026-жылдын 2-октябрында Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти, профессор Актоты Райымкулова Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Актоты Райымкулова Фонддун 2024–2026-жылдардагы ишмердигинин негизги жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Түрк элдеринин маданий мурасын сактоого, изилдөөгө жана аны эл аралык деңгээлде кеңири жайылтууга багытталган долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар Фонддун жакынкы жылдардагы артыкчылыктуу иш багыттарын жана түрк дүйнөсүндөгү мамлекеттердин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого багытталган пландалган демилгелерди талкуулашты.

Ошондой эле Казакстан менен маданият жана маданий мурасты сактоо жаатындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги каралды.

Тема боюнча жаңылыктар