Түрк маданияты жана мурасы фонду Түрк дүйнөсү Актоты Райымкулова Түрк дүйнөсү фонду Наби Авжы

Түрк маданияты жана мурасы фонду менен Түрк дүйнөсү фонду жалпы мурасты сактоо боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Түрк маданияты жана мурасы фонду менен Түрк дүйнөсү фонду түрк элдеринин жалпы тарыхый, маданий жана руханий мурасын сактоо жана жайылтуу максатында маданий жана илимий тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

2026-жылдын 8-октябрында Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти, профессор, доктор Актоты Райымкулова Түрк дүйнөсү фондунун Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор, доктор Наби Авжы менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки уюмдун ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнүн келечегин кеңири талкуулап, жакынкы мезгилде ишке ашырылышы пландалып жаткан биргелешкен маданий жана илимий долбоорлор боюнча пикир алмашышты.

Сүйлөшүүлөрдө түрк элдеринин жалпы маданий баалуулуктарын коргоо, илимий байланыштарды чыңдоо жана тарыхый мурасты келечек муундарга жеткирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун маанилүү окуяларынын бири профессор Наби Авжыга Түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан «Түрк маданияты жана мурасынын элчиси» ардактуу наамынын ыйгарылышы болду.

Бул сыйлык анын түрк дүйнөсүндөгү маданий жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, жалпы руханий баалуулуктарды сактоого жана түрк элдеринин ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн тапшырылды.

Сыйлыкты тапшыруу учурунда Актоты Райымкулова Наби Авжынын түрк дүйнөсүнүн биримдигин жана тилектештигин бекемдөөгө багытталган үзүрлүү ишмердүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

Ал профессордун бай тажрыйбасы жана илимий-маданий мураска кошкон салымы жогорку баага татыктуу экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде Наби Авжы Түрк маданияты жана мурасы фондунун түрк дүйнөсүндөгү тилектештикти чыңдоого багытталган ишмердүүлүгүнө жогору баа берди.

Ошондой эле ал биргелешкен маданий жана гуманитардык демилгелерди жана долбоорлорду мындан ары ийгиликтүү ишке ашырууга толук колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча пикир алмашып, түрк дүйнөсүнүн жалпы маданий мурасын сактоо жана эл аралык деңгээлде таанытуу багытындагы кызматташтыкты улантуу ниетин билдиришти.

Тема боюнча жаңылыктар