"Кабар" жана "Дунё" маалымат агенттиктери кызматташтык келишимине кол коюшту

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик иш сапарынын жана жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алдында Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги менен Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин "Дунё" маалымат агенттигинин ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду.

Кыргыз, орус жана өзбек тилиндеги документке "Кабар" КУМАнын директору Медербек Шерметалиев жана "Дунё" маалымат агенттигинин директору Омонулла Файзиевдер кол коюшту.

Кийин автоматтык түрдө узартуу менен үч жылга жарактуу болгон келишим Кыргызстанда жана Өзбекстанда болуп жаткан окуяларды оперативдүү жана объективдүү чагылдыруу, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлор жана башка жаңылыктарды чагылдырууда ар тараптуу кызматташтыктын кеңири спектрин карайт.