Бишкек, 29.07.24. /Кабар/. Эртең, 30-июлда Париждеги Олимпиада оюндарында Денис Петрашов жарышка чыгат. 200 метрди суучул брасс ыкмасы менен сүзөт.
Буга чейин 27-июлда кыргызстандык суучул 100 метрлик жарышта 23-орунга жайгашып, жарым финалга чыга алган эмес.
Эми суучулдун медаль алууга дагы бир мүмкүнчүлүгү бар.
Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт. Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катыш