Элдик Банк - SELLERS FORUM - ECOM KG 2024 эл аралык форумунун титулдук өнөктөшү

Бишкек, 29.07.24. /Кабар/.Үстүбүздөгү жылдын 26-28-июль күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде электрондук коммерция темасында масштабдуу форум болуп өттү.

Форумдун ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева жана башкалар онлайн режиминде катышты. "Элдик Банк" ААК Башкармасынын Төрагасынын биринчи орун басары Акылбек Турдалиев өз сөзүндө Кыргызстан үчүн электрондук коммерциянын маанилүүлүгүн жана банктын бул тармакты өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп кетти.

Электрондук коммерция багытындагы бул иш-чара Wildberries, Ozon, Alibaba, Trandyol, Yandex мarket сыяктуу маркетплейс негиздөөчүлөрүн, жетекчилерин жана эксперттерин жана Россия, Кытай, Эстония, Казакстан жана башка өлкөлөрдөн келген логистикалык компанияларды чогулта алды. Алар коноктор менен онлайн бизнес жүргүзүү үчүн реалдуу учурлар жана жумуш инструменттери менен бөлүштү. Форумда Элдик Банк чакан, орто жана ири бизнести колдоо боюнча өзүнүн продукттарын сунуштады: Ишкер-айым, Лизинг, Факторинг, бизнес кредиттер, ишкерлер үчүн “Ишкер24” мобилдүү тиркемеси.

"Текстиль тармагын өнүктүрүүдө Элдик Банктын каржылык колдоо көрсөтүүсү» жана «Улуттук рынокту түзүү» сессияларында MEGA&Элдик Банк кызматташуу долбоордук кеңсесинин жетекчиси Татьяна Шахин жана Кредит департаментинин аймактык менеджери Бекмырза Саадабаев чыгып сүйлөштү. “Ишкер” мамлекеттик экосистемасынын өлкөдө электрондук коммерцияны өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү” деген темада банктын кызматтары жана продукттары тууралуу кеңири айтып беришти. Ошондой эле, иш-чарада көргөзмө уюштурулуп, анда Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Кытай жана Россиянын өндүрүүчүлөрүнүн товарлары коюлду.