Ферганада кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуу өттү

Бишкек, 29.07.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 22-июлунан 27-июлуна чейин Өзбекстандын Фергана шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелерин карашты.

Жолугушуунун алкагында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участокторунда изилдөө иштери жүргүзүлдү, тагыраагы изилдөө иштери Кыргызстандын Жалал-Абад жана Баткен облустарын, ошондой эле Өзбекстандын Наманган жана Фергана облустарын камтыды.

Сүйлөшүүлөр достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жумушчу топтордун кийинки отуруму Кыргызстандын аймагында өтөт.