Кыргызстандын самбо боюнча курамасы Азия чемпионатында 12 медаль жеңди

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын самбо боюнча курама командасы Кытайдын Макао шаарында өткөн Азия чемпионатында спорттук самбо боюнча 12 медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, анын ичинен 2 алтын, 2 күмүш, 8 коло медаль.

Эркектер арасында +98 кг салмакта Эмирхан Жолдошказиев өз салмагында Азия чемпиону аталды. Алай Сартов (71 кг) Асылбек Жамалбек уулу (88 кг) жана Артур Сансызбеков (98 кг) коло медалга 3-орунду ээлешти.

Күжүрмөн самбо боюнча Саяк Бараканов 64 кг чейинки салмакта Азия чемпиону болду. Даниэль Асеков (58 кг) жана Курманбек Замирбек улу (71 кг) 2-орунду ээлешти. Бекназар Жээмырзаев (98 кг) жана Кошалы Назаркулов (+98 кг) коло медалга ээ болушту.

Кыз-келиндер арасында 50 кг чейинки салмакта Канышай Аманкулова жана 72 кг чейинки салмакта Динара Камчыбекова коло медалга ээ болушту. Ал эми күжүрмөн самбо Акак Үсөн кызы 54 кг чейинки салмакта 3-орунду ээледи.

Курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев, машыктыруучулар Кулунбек Эстебесов жана Ильгиз Каналбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.