Акылбек Жапаров жана Михаил Мишустин эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады

Акылбек Жапаров жана Михаил Мишустин эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады

Нур-Султан шаарында (Казакстан) Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында жолугушуу өтүп, анда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстан жана Россиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толот.

“Юбилейлик датанын тарыхый маанисин белгилөө менен Кыргызстан Россия менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздук мамилелерди мындан ары да чыңдоого умтулаарын белгилеп кетким келет. Кыргызстан да Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграция маселелерине өзгөчө маани берет. Бул биздин өлкөнүн тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири. Евразия экономикалык биримдигинин органдарында төрагалык кылуу алкагында кыргыз тарап интеграциялык процесстерди мындан ары тереңдетүү жана жалпы максаттарга жетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт”, - деди ал.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Акылбек Жапаров Кыргызстандын жарандарынын Россияда жүрүүсү боюнча маселени көтөрдү.

Михаил Мишустин белгилегендей, Россия Федерациясы элдердин ортосундагы кылымдардан бери келе жаткан достук мамилеге негизделген Кыргыз Республикасы менен түзүлгөн стратегиялык мамилелерди баалайт.

"Эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык динамикалуу өнүгүп жатат. Алсак, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүү 47%га өсүп, 2,5 млрд АКШ долларына жакындады. Гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык кеңейүүдө", - деди ал.

Михаил Мишустин белгилегендей, өнөр жай, машина куруу, радиоэлектроника, санариптик экономика, жашыл энергетика жана транспорт тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар.