“Кыргызиндустриянын” өкүлдөрү Кытайда өткөн эң чоң Кантон көргөзмөсүнө катышты

“Кыргызиндустриянын” өкүлдөрү Кытайда өткөн эң чоң Кантон көргөзмөсүнө катышты

Бишкек, 02.05.23. /Кабар/. “Кыргызиндустрия” ААКнын вице-президенти Азамат Байышбеков баштаган өкүлдөр 133-Кантон көргөзмөсүнө катышты. Иш-чара ушул жылдын 15-19-апрель күндөрү Кытайдын Гуанчжоу шаарында өткөн.

Көргөзмөнүн аянты 1,5 млн чарчы метрди түзүп, анда 70 миңден ашуун павильон коюлган. Дүйнөдөгү эң чоң көргөзмөдө 34 миң компаниянын экспозициялары коюлган.

"Кыргызиндустриядан" кабарлашкандай, Байышбеков Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Сиань шаарында "Shaanxi Heavy Duty Automobile Import and Export Co., Ltd" компаниясынын партиялык комитетинин катчысы жана башкы директору Тиан Чао менен жолугушту.

Жолугушууда "SHACMAN" компаниясынын өкүлү бул компаниянын жүк ташуучу машиналары жана атайын техникалары 100дөн ашык чет өлкөлөргө жана региондорго сатыларын, экспорттун көлөмү боюнча алдыңкы орунда экенин, жүк ташуучу унааларды жасаган көптөгөн өндүрүштү кыймылдаткычтар, автомобилдин кыймыл өткөрүүчү коробкалар менен жабдып камсыздап турарын айтып берди.

“Кыргызиндустрия” ААКнын вице-президенти Коомдун иши тууралуу жана “Кыргызчеттранс” ЖЧК долбоорунун ишке ашуусу боюнча, ошондой эле Коом ошол долбоорлордун алкагында кызматташуу мүмкүндүктөрүн караштырып жатканын айтты.

Соңунда “Кыргызиндустрия” ААКнын вице-президенти компаниянын жүк ташуучу жана атайын техниканы кураштырып жасоочу заводуна, ошондой эле "Cummins" кыймылдаткычтарын жасоочу заводдун иши менен таанышты.