Жыл башынан бери 7 миңден ашык жаран адвокаттын акысыз кызматын алды

Жыл башынан бери 7 миңден ашык жаран адвокаттын акысыз кызматын алды

Кыргызстанда жыл башынан бери 7 миңден ашык жаран адвокаттын акысыз кызматын алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу кепилденген юридикалык жардам алган жарандардын саны 50-60% га көбөйгөн.

“Бул биздин жана Юстиция министрлигинин маалымат берүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгын жана ай сайын борборлорго кайрылган жарандардын саны өсүп жаткандыгын айгинелейт. Бирок биздин милдет - көрсөтүлгөн юридикалык жардамдын санын эмес, сапатын жогорулатуу”, - деди ал.

Ал белгилегендей, адвокаттардын квалификациясын жогорулатуу программасы бар.

“Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө адвокаттардын бирдиктүү реестринин адистештирилген тутуму түзүлдү. Балдарга жардам берүү жөндөмүнө ээ болгон адвокаттар бар. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин юридикалык кеңеш берүү ыкмаларына үйрөтөбүз”, - деди Калбеков.