Жумушчу топтордун деңгээлинде кыргыз-тажик чек арасынын дагы 40 чакырым аралыгы макулдашылды

Жумушчу топтордун деңгээлинде кыргыз-тажик чек арасынын дагы 40 чакырым аралыгы макулдашылды

Жумушчу топтордун деңгээлинде Кыргызстан менен Тажистандын мамлекеттик чек арасынын дагы 40 чакырым аралыгы макулдашылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Абдулат Мырзаев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан жумушчу топтордун деңгээлинде 519 чакырым макулдашылды.

«Акыркы 3 жолугушууда дагы 40 чакырым аралык макулдашылды. Августтун аягында Тажикстанда жумушчу топтордун жолугушуусу болот. Анда дагы мамлекеттик чек аранын калган тилкелери макулдашылат", - деди ал.