Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулу эки айга камакка алынды

Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулу эки айга камакка алынды

Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына эки айга камакка алынды. Бул тууралуу агенттикке Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 27-июлундагы чечими менен шектүү А.С. уулуна эки айлык мөөнөткө, башкача айтканда, 25-сентябрга чейин камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалды.

Эскерте кетсек, УКМК тарабынан Бишкек шаарынын мэриясында коррупцияга байланыштуу кылмыштарды алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында мурда алынган 6 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү параны кайтарып берүү учурунда Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерлери кармалышкан.

“Кармалгандар Бишкектин ушул тармакты тейлеген вице-мэри менен сүйлөшүп алып, Кытай грантынын эсебинен оңдолуп жаткан Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүнүн реконструкциялоо долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жолдун боюнда жайгашкан соода объектисин сактап калуу үчүн кафенин ээсинен 9 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара алышкан”, - деп айтылат маалыматта.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кармалгандар Бишкек шаарынын вице-мэринин жогорудагы кылмыштын жасалышына тиешеси бар экендигин моюнга алышкан. 24-июлда пара алууну уюштурганы боюнча жетиштүү далилдер болгондугуна байланыштуу "С.А." кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда кылмыш иши боюнча ушул кылмыштын жасалышына тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чаралардын комплекси жүрүүдө.