Кыргызстанда мамлекеттик каттоодон коронавируска каршы төрт вакцина өткөрүлгөн

Кыргызстанда мамлекеттик каттоодон коронавируска каршы төрт вакцина өткөрүлгөн

Кыргызстанда мамлекеттик каттоодон коронавируска каршы төрт вакцина өткөрүлгөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментинин фармакологиялык көзөмөл секторунун башчысы Жылдыз Жумагулова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, “Гам-КОВИД-Вак” - (“Спутник V”), “Спутник Лайт” – вектордук, “Конвидеция” жана гуманитардык жардамдын негизинде COVID-19га каршы China National Biotec Group (CNBG), Sinopharm тарабынан иштелип чыккан инактивдүү BIBP вакцинасы каттоодон өткөн.

Кыргызстанга COVID-19га каршы вакцинаны алып келүү жана медициналык колдонуу төмөнкүлөргө ылайык жүргүзүлөт:

- Мамлекеттик каттоодон өтүшү;
- Каттоосуз киргизүүгө жана медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген атайын дары-дармектердин тизмесинде болушу (бүгүнкү күндө COVID-19га каршы вакциналар аталган тизмеге киргизилген);
- өзгөчө кырдаалдар убагында гуманитардык жардамдын негизинде алып келинген, ошондой эле өлкө-өндүрүүчүдө же донор-өлкөдө каттодон өткөн болсо.