Бакашова: Вакцинациялоо – ар бир адамдын ден соолукта болууну тандоосу

Бакашова: Вакцинациялоо – ар бир адамдын ден соолукта болууну тандоосу

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү, анда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жана вакцинациялоо боюнча кампаниянын жүрүшү талкууланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жылдыз Бакашова билдиргендей, вакцинациялоо – бул ар бир жарандын коронавирус инфекциясынан коргонууга болгон ыктыярдуу кадамы, аны менен катар калкты вакцинациялоо менен камтууну кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.

Статистикалык так маалыматтарды түзүү үчүн «COVID-19 каршы вакцинацияланган жактардын бирдиктүү реестри» ишке киргизилген.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине маалыматтык тутумдун үзгүлтүксүз ишин камсыздоо тапшырылды.

Мамлекеттик органдардын башчыларына, Кыргыз Республикасынын президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине вакцинацияланган жарандарды маалымат базасына киргизүү боюнча ишти уюштуруусу жана ишенип берилген аймактардагы калкты массалык эмдөөдөн өткөрүүнүн жүрүшүн тездетүү тапшырылды.

Айрым категориядагы жарандарга COVID-19 каршы милдеттүү эмдөөнү киргизүү боюнча эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу ооруларды жуктуруп алуунун жогорку тобокелдигине байланышкан жана милдеттүү профилактикалык эмдөөнү жүргүзүүнү талап кылган Жумуштардын тизимин аталган жумуш түрү менен алектенген жарандардын жаңы категориялары менен толуктоо боюнча сунуштарды киргизүүсү тапшырылды.