Олимпиадага катышуу үчүн алгачкы эки спортчу Токиого учуп кетти

Олимпиадага катышуу үчүн алгачкы эки спортчу Токиого учуп кетти

Жайкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн алгачкы эки спортчу Токиого учуп кеткенин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Билдирүүдө маалымдалгандай, фехтование боюнча Роман Петров, ок атуу спорту боюнча Каныкей Кубанычбекова жана алардын машыктыруучулары Александр Черных, Виктор Суровцев Токиого жөнөп кетишти.

Эскерте кетсек, XXXII жайкы Олимпиада оюндары 23-июлдан 8-августа чейин Токиодо өтөт.