Евразия экономикалык комиссиясына Кыргызстандан 2 министр дайындалды

Евразия экономикалык комиссиясына Кыргызстандан 2 министр дайындалды

2021-жылы 30-июнда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен Евразия эокномикалык комиссиясына (ЕЭК) Кыргызстандан эки министр дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Максат Мамытканов ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри болуп дайындалды. Анын компетенциясына Евразия экономикалык бирлигинин бажы кызматташтыгынын маселелери кирет. Ал бул кызматка Олег Панкратовдун ордуна келди. Мамытканов 2020-2021-жылдары КР вице-премьер-министри болуп иштеген.

Ал эми Темирбек Асанбеков ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри болуп дайындалды. Анын компетентциясына Евразия экономикалык бирлигинде траспорт, инфраструктура жана энергетика маселелери кирет. Асанбеков бул кызматка Эмил Кайкиевдин ордуна келди. Ал 2010-жылдан 2021-жылга чейин "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын лидери болгон.