USAID Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына $4 млн бөлүүнү пландоодо

USAID Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына $4 млн бөлүүнү пландоодо

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 15-февралда саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова USAIDдин администраторунун орун басары Изобель Коулман менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар кургак учук, COVID-19, АИВ/ЖИКС менен күрөшүү жана жалпы саламаттык сактоо системасын чыңдоо боюнча биргелешкен демилгелерди талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр КРнын саламаттык сактоо тутумуна көрсөтүп келген туруктуу жардамы жана колдоосу үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын чыңдоо үчүн биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга колдоо көрсөтөрүнө ишендирди.

"Сиздин иш сапарыңыздын алкагында биздин ортобуздагы саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу жаңы дем-күч алып, өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн негизинде ийгиликтүү жана ырааттуу өнүгүп, чыңдалат деп ишенебиз", - деди Баатырова.

USAIDдин администраторунун орун басары Изобель Коулман саламаттык сактоо USAIDдин бүткүл дүйнө боюнча жана Кыргыз Республикасындагы артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи. Ал бул жааттагы жемиштүү кызматташтык үчүн министрге жана КР өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Коулман ошондой эле USAID жаңы коркунучтардын жана жугуштуу оорулардын чыгышынын тобокелдиктерин азайтуу жана алардын кесепеттери менен күрөшүү үчүн Кыргыз Республикасына 4 млн доллар кошумча каржылоону пландаштырып жатканын билдирди.

Бул каржылоо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тутумун чыңдоого жана коомдук саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатууга жумшалат.

USAIDдин администраторунун орун басары Изобель Коулман Кыргызстанга Борбордук Азияга болгон иш сапарынын алкагында келди. Сапардын жүрүшүндө ал өкмөт өкүлдөрү, ишкерлер, жарандык коомдун лидерлери жана массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугуп, ар түрлүү тармактардагы, анын ичинде саламаттык сактоо тармагындагы учурдагы жетишкендиктерди жана көйгөйлөрдү талкуулайт.