Кыргызстанда бир апта ичинде коронавирустун жаңы 53 учуру катталды

Кыргызстанда бир апта ичинде коронавирустун жаңы 53 учуру катталды

Бишкек, 31.10.22. /Кабар/. Кыргызстанда 24-30-октябрь аралыгында коронавирустун жаңы 53 учуру катталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, катталган учурлардын ичинен 14ү ооруканага жаткырылып, 39у үй шартында дарыланууда.

2022-жылдын 30-октябрына карата өлкөнүн бардык облусу “жашыл зонада” жайгашкан.

Ал эми 2022-жылдын 9 ай 23 күнүнө карата коронавирустун 21 миң 704 учуру катталган.