Кыргызстан өз аймагындагы ЖККУнун кезектеги машыгуусун өткөрүүдөн баш тартты

Кыргызстан өз аймагындагы ЖККУнун кезектеги машыгуусун өткөрүүдөн баш тартты

Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын аймагындагы "Бузулгус боордоштук – 2022" аттуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) командалык-штабдык машыгуусу өтпөй турган болду. Аталган маалыматты "Кабар" агенттигине Коргоо министрлигинен ырасташты.

Министрлик машыгуунун өтпөй калышынын себебин түшүндүргөн жок.

Эскерте кетсек, "Бузулгус боордоштук – 2022" аттуу ЖККУнун машыгуусу 10-14-октябрда Балыкчыда өтмөк.