“Манас” университети жогорку окуу жайлардын эл аралык рейтингине кирди

“Манас” университети жогорку окуу жайлардын эл аралык рейтингине кирди

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университети “Университеттин үч миссиясы" аттуу окуу жайлардын эл аралык рейтингинин алдыңкы 1000 университеттин тизмесине кирди.

Аталган окуу жайдан кабарлашкандай, рейтингге Кыргызстандан бир гана “Манас” университети кирди.

“Бул рейтинг алтынчы ирет аныкталууда. Тизмеге бир жыл мурда 1 миң 650 жогорку окуу жай кирсе, быйыл алардын саны 1 миң 800гө жетти. Рейтингде 103 өлкөнүн университеттеринин билим, илим жана коом менен иштешүүсү бааланган. “Манас” университети ал тизмеде 935-сапка жайгашты”, - деп айтылат маалыматта.