...

Улуттук гвардиянын аскерлери Россиядагы «Чыгыш-2022» машыгуусуна катышууда

Башка жаңылыктар Башка жаңылыктар 1 Sentyabr 2022 12:18
Kabar Aiperi Ko
Улуттук гвардиянын аскерлери Россиядагы «Чыгыш-2022» машыгуусуна катышууда

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-сентябрда Россиянын Чыгыш аскердик округунунун аймагында «Чыгыш-2022» стратегиялык командалык-штабдык машыгуусу башталды (СКШМ).

КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, машыгууга ЖККУ, ШКУга мүчө мамлекеттердин жана башка мамлекеттердин байкоочулары жана куралдуу күчтөрүнүн аскердик контингенттери катышууда. Кыргызстандан Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын 10128 аскер бөлүгүнүн аскердик контингенти чыгат.

Машыгууга 50 миңден ашык аскер кызматкер, 5 миңден ашуун курал-жарак жана аскердик техника тартылган. Иш-чара үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрында аяктайт.

Машыгуунун максаты - аскерлердин (күчтөрдүн) түрлөрү жана коалициялык топторду башкаруу боюнча командирлердин жана штабдардын көндүмдөрүн өркүндөтүү жана биргелешкен тапшырмаларды чечүүдө өз ара аракеттенүүнүн деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү