...

Испан инвесторлору Ош облусуна ГЭС курууга кызыкдар

Башка жаңылыктар Башка жаңылыктар 28 İyun 2022 11:29
Kabar Aiperi Ko
Испан инвесторлору Ош облусуна ГЭС курууга кызыкдар

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Испан инвесторлору Ош облусуна ГЭС курууга кызыкдар. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин Оштогу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун, Испаниянын “Экоэнер Солар” компаниясынын башкы директору Рикардо Томас Герьереронун жана жеке ишкер Адылбек Мирзаматовдун катышуусунда үч тараптуу меморандумга кол коюлду. Анын алкагында Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен ГЭС куруу долбоорун ишке ашыруунун эң ылайыктуу механизмин изилдөө боюнча иштер жүргүзүлөт.

Ошондой эле Ош облусунун аймагында ГЭС долбоорлорун курууну ишке ашырууга ниеттенүүдө.

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү