Кыргызстан менен Венгрия билим берүү жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөдө

Кыргызстан менен Венгрия билим берүү жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөдө

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Венгрия билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев Венгриянын Улуттук жыйынынын вице-спикери Шандор Лежак менен жолугушту.

Ошондой эле жолугушууга Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дорог, Венгриянын Улуттук жыйынынын эл аралык мамилелер башкармалыгынын жетекчиси Кохари Лайош Акош, Венгриянын Улуттук жыйынынын вице-спикеринин аппарат жетекчиси Кишфалуди-Бак Юдит, Венгриянын КРдагы Элчилигинин үчүнчү катчысы Седеркени Петер, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Ж. Баласагын атындагы КУУнун ректору Канат Садыков жана К. Карасаев атындагы БМУнун ректору Абдылда Мусаев катышты.

Жолугушууда тараптар билим берүү жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, ЖОЖдордо студенттер үчүн квотаны көбөйтүү, академиялык мобилдүүлүк, Кыргызстандын жана Венгриянын ЖОЖдорунун ректорлорунун иш сапарларын уюштуруу, Кыргыз-Венгрия изилдөө фондун түзүү жөнүндө макулдашышты.

Министр Кыргызстан венгриялык студенттерди алмашуу программасынын алкагында мисалы, “түркология”, “археология” адистиктери боюнча студенттерди кабыл алууга, Кыргызстандын ЖОЖдорунун биринде кыргыз-венгриялык институтту же кафедра ачууга даяр экендигин белгиледи.