Швейцария Нарын шаарын өнүктүрүүгө 6 млн доллар бөлөт

Швейцария Нарын шаарын өнүктүрүүгө 6 млн доллар бөлөт

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Швейцария “Нарын шаарынын туруктуулугу” долбооруна 6 млн доллар бөлөт.

Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, долбоор климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктардын коркунучуна туруктуу болууга жардам берүү үчүн Нарын шаарынын калкына, инфраструктурасына жана экономикасын колдоо максатын көздөйт.

Беш жылдык долбоорду Нарын муниципалитети жана Ага Хан өнүктүрүү тармагы ишке ашырат.