Малайзиялык туркомпанияларга Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү

Малайзиялык туркомпанияларга Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Малайзиялык туристтик компаниялар жана туроператорлор үчүн Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүгө багытталган көргөзмө болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-июнда Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги жана КР президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы саясий башкармалыгы менен биргеликте Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу онлайн-презентация өткөрүштү.

Иш-чарага Кыргызстандын туристтик агенттиктери жана Малайзиянын туристтик агенттиктер ассоциациясынын вице-президенти баштаган Малайзиядагы 70тен ашык туристтик компаниялар катышты.

Бет ачардын жүрүшүндө малайзиялык туроператорлорго Кыргызстандын маданияты жана тарыхы, туризмдин кышкы жана жайкы түрлөрү, чет өлкөдөн келген коноктор үчүн Ысык-Көлдүн жээгинде эс алуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле Малайзиянын жарандары жана Малайзиянын аймагында жашаган башка мамлекеттердин жарандарына Кыргызстанга кирүү үчүн визалык режим тууралуу кеңири маалымат берилди.

Бет ачардын жыйынтыгында кыргыз жана малайзиялык туризм секторунун өкүлдөрү өз ара кызматташуу боюнча макулдашышты.