Өлкөгө Россиядан дагы 2 миң тонна үрөн келе жатат — Айыл чарба министрлиги

Өлкөгө Россиядан дагы 2 миң тонна үрөн келе жатат — Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Быйыл Россиядан Кыргызстанга 12 миң 334 тонна үрөн алып келүү пландалган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Айыл чарба министрлигинин өсүмдүк өстүрүү жана карантин бөлүмүнүн башчысы Жигиталы Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, эгер ал үрөн келбегенде дыйкандар арасында таңкыстык жаралмак.

“Элдин нааразычылыгы 10 эсе көп болмок. Биз өз убагында аракет кылдык деп эсептейбиз. Батыштагы абалга жараша үрөндүн 30-40 пайызы келгенден кийин токтоп калды. Бүгүнкү күндө 12 миң тоннанын 10 миңи келди. Калган 2 миңи жолдо келе жатат. Үрөндөр кечигип жаткандыктан 36 миң гектар жерге 6 миң тоннасы эгилди. Калганы Балыкчыдагы атайын сактоочу жайда сакталып турат. Үрөндөр эмдиги жылы себилет”, - дейт ал.