Катарда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпионатынын катышуучулары аныкталды

Катарда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпионатынын катышуучулары аныкталды

Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. Катарда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпионатынын катышуучулары аныкталды.

Жалпы 32 курама команда күч сынашат.

- Европадан Англия, Бельгия, Германия, Дания, Испания, Нидерланд, Польша, Португалия, Сербия, Франция, Хорватия, Швейцария жана Уэльстин командалары катышат.

- Түштүк Америкадан Аргентина, Бразилия, Эквадор, Уругвай.

- Африкадан Гана, Марокко, Сенегал, Камерун, Тунис.

- Азиядан Иран, Катар, Сауд Аравия, Түштүк Корея, Япония, Австралия.

- Түндүк Америкадан Канада, АКШ, Мексика, Коста-Рика.

Эскерте кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты 21-ноябрдан 18-декабрга чейин Катар өлкөсүндө өтөт.