Кыргызстандын курамасы футбол боюнча Азия кубогуна өттү. Кантип?

Кыргызстандын курамасы футбол боюнча Азия кубогуна өттү. Кантип?

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2023-жылы өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна өттү.

Эскерте кетсек, Азия кубогунун тандап алуу оюндары алты өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда өтүүдө. F тайпасында Кыргызстан, Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары жайгашкан. Бул тайпадагы оюндардын баары Бишкекте өтүүдө.

Азия кубогу үчүн 24 курама команда күч сынашат. Буга чейин алардын 13ү аныкталса, калган 11и тандоо турунан өтүүдө. Тандоо туру жогоруда айтылгандай, алты өлкөдө алты тайпага төрттөн команда болуп бөлүшүп, оюн өткөрүүдө. Ар бир тайпанын биринчи орун алган командасы жана экинчи орун алган беш курама (гол, упайлардын артыкчылыгына жараша) жолдомо алат. Ошондо экинчи орун алган бир команда Азия кубогуна катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.

Ал эми F тайпасында Тажикстан менен Кыргызстан эки оюндан кийин алты упай топтоп алдыда келе жатат. Алты упай эки командага тең Азия кубогуна жолдомо алып берди. Себеби B тайпасында Палестинанын курамасы үч оюндан кийин тогуз упай менен биринчи орун алса, Филиппин үч оюндан кийин төрт упай менен экинчи орунда турат.

Мындан улам “Ак шумкарларга” Азия кубогуна жолдомо алуу үчүн алты упай жетиштүү болду.

Белгилей кетсек, F тайпасында Тажикстан менен Кыргызстандын дагы бир оюну калды. Беттеш бүгүн, 14-июнда саат 21:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда башталат.

2023-жылкы Азия кубогу кийинки жылы 16-июндан 16-июлга чейин Кытайда өтмөк, бирок ал өлкө коронавируска байланыштуу мелдешти өткөрүүдөн баш тарткан. Азырынча кайсы жерде өтөөрү белгисиз.