Бишкекте биринчи жолу КМШ өлкөлөрүнүн окумуштуулары форумга чогулат

Бишкекте биринчи жолу КМШ өлкөлөрүнүн окумуштуулары форумга чогулат

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Кыргыз улуттук илимдер академиясында биринчи жолу КМШ өлкөлөрүнүн окумуштууларынын IV форуму өтөт.

Улуттук илимдер академиясынан билдиришкендей, иш-чара 16-июнда саат 10:00дө башталат.

Форумга КМШ мамлекеттеринин илимий коомчулугунун өкүлдөрү, ошондой эле президенттин аппаратынын, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, ЖОЖдун ректорлору, көрүнүктүү окумуштуулар, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жаш окумуштуулар жана аспиранттар катышат.

Форумдун негизги максаты — көз карандысыз шериктеш өлкөлөрдүн илимий-техникалык кызматташуусун активтештирүү жана өнүктүрүү, илимий мейкиндикти калыптандыруу жана кеңейтүү, фундаменталдуу илимдердин абалын жана перспективаларын талдоо, санариптештирүү доорунда инновациялык илимий-изилдөөлөрдү ишке ашыруунун жолдорун издөө, ошондой эле КМШ өлкөлөрүндө билим берүү жана илим тармагын санариптештирүү процессин жакшыртуу болуп саналат