Стамбулда өткөн саммитте Кыргызстандын энергетикалык дарамети жөнүндө айтылды

Стамбулда өткөн саммитте Кыргызстандын энергетикалык дарамети жөнүндө айтылды

Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. 2022-жылдын 8-июнунда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Стамбул шаарында өткөн 25-Евразиялык экономикалык саммитине катышуусунун алкагында энергетика маселелери боюнча пленардык сессияда «Кыргыз Республикасынын энергетикалык дарамети жөнүндө» сөз сүйлөдү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, элчи Өмүралиев өз сөзүндө Кыргызстандын гидроэнергетикасын өнүктүрүү боюнча зор дараметин жана ГЭСтерди куруу боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жана шарттар тууралуу маалымат берип, инвесторлорду аталган багытта долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырды.

Иш-чаранын катышуучуларына так кадам катары президент Садыр Жапаров тарабынан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу башталганы айтылды.

Жогоруда белгиленген сессияга Өзбекстандын инновациялык өнүгүү министри, Азербайжандын энергетика министринин орун басары, Тажикстандын Инвестициялар жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, БУУнун Женевадагы кеңсесинин өкүлдөрү, ЕЭКтин өкүлдөрү, Албаниянын жана Молдованын мурдагы премьер-министрлери, компаниялардын жана инвестициялык фонддордун жетекчилери, ошондой эле бир катар өлкөлөрдүн мамлекеттик жана коомдук ишмерлери катышты.

Белгилегендей, 7-9-июнда өткөн 25-Евразиялык экономикалык саммитине Черногориянын президенти, Босния жана Герцеговинанын президенти, БУУнун Цивилизация альянсынын жогорку өкүлү, ошондой эле Хорватиянын, Түндүк Македония, Молдова, Тунис жана башкалардын мурдагы президенттери катышты.