Аида Касымалиева Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө арналган иш-чарага катышты

Аида Касымалиева Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө арналган иш-чарага катышты

Бишкек, 09.06.22./Кабар/. Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлүаталган уюмдун айлана-чөйрөнү коргоо программасы тарабынан уюштурулган Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын Бүткүл дүйнөлүк күндүн башкы темасы "Бир гана жер" деп аныкталган.

Иш-чарага мүчө мамлекеттердин Нью-Йорктогу БУУнун алдындагы туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн башчылары, ошондой эле алардын өкүлдөрү катышты. Ачылыш бөлүгүндө БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин сөзү айтылып, “Стокгольм+50” эл аралык жолугушуусу өткөн Швециянын өкүлү жана АКШнын Луизиана штатындагы Гретнанын мэри да сөз сүйлөдү.

Аида Касымалиева өз сөзүндө климаттын өзгөрүшү, экосистемалардын бузулушу жана айлана-чөйрөнүн булганышы сыяктуу тоолуу өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга пропорционалдуу эмес күчтүү таасирин тийгизген планеталык кризистерди белгиледи. Буга байланыштуу ал өлкөнүн бул көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган демилгелеринин комплекси тууралуу маалымат берди.

Атап айтканда, туруктуу өкүл БУУнун башкы ассамблеясы тарабынан 2022-жылды Туруктуу тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыялоо, "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди" жарыялоо боюнча резолюцияны демилгелөө тууралуу маалымдады.

Ошондой эле кыргыз тараптын Тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фондун түзүү жана тоо токойлорун сактоо боюнча БУУнун атайын программасын иштеп чыгуу идеясын илгерилетүүсүн белгилеп, Кыргызстандын жана бардык тоолуу өлкөлөрдүн климаттын өзгөрүшү, биоартүрдүүлүктү коргоо, экологиялык коопсуздук жана коронавирустук пандемиядан кийин жашыл калыбына келтирүү контекстинде туруктуу өнүгүү максаттарга натыйжалуу жетишүүсүнө салым кошуу үчүн аракеттерин колдоого чакырды.

Маалымат үчүн: Жыл сайын 5-июнда Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү белгиленет. Иш-чара БУУнун башкы ассамблеясынын 27-сессиясында 1972-жылдын 15-декабрындагы № A/RES/2994 (XXVII) резолюциясы менен бекитилген. Тандалган дата символикалык мааниге ээ. Ал адамдын курчап турган чөйрөсүнүн проблемалары боюнча Стокгольм конференциясынын ачылыш күнүнө карата уюштурулган. Конференцияда адамзаттык прогресстин концепциясы катары туруктуу өнүгүү түшүнүгү каралган. Катышуучулар Стокгольм декларациясын кабыл алган. Документ айлана-чөйрөнү коргоонун 26 принцибин бекитип, экологиялык маселелерде мамлекетке жоопкерчиликти жана милдеттерди жүктөгөн.