Ташкентте кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкон инсандар сыйланды

Ташкентте кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкон инсандар сыйланды

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Ташкент шаарында кыргыз тилин өнүктүрүүгө жана жайылтууга арналган жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, элчиликте өткөн жолугушууга Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев, «Кыргыз тили» коомунун президенти Райымжан Курбанов, Өзбекстандын Кыргыз улуттук маданий борборунун төрагасы Рахматулла Джаббаров, «Өзбекстан-Кыргызстан» достук коомунун директору Зухриддин Исомиддинов жана Өзбекстанда жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө элчи Жаманбаев кыргыз тилин сактоонун жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, эне тилин үйрөнүүгө, анын ролун чыңдоого, ошондой эле аны чет өлкөлөрдө жайылтууга багытталган ишмердүүлүгү үчүн республикалык «Кыргыз тили» коомунун президенти Курбановго жана мекендештерге ыраазычылык билдирди.

Жыйындын алкагында Курбанов республикалык коомдун атынан кыргыз тилин үйрөнүүгө жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн иш-чаранын катышуучуларына «Ыйык тил» төш ​​белгилерин тапшырды.

Иш-чаранын алкагында Райымжан Курбанов белгилүү кыргыз адабиятынын инсандарынын ырларын аткарып, улуттук маданиятты өнүктүрүү, чет жерде жашаган мекендештер арасында эне тилди сактоо маселелери да талкууланды.

Мындан тышкары, кыргыз тилиндеги китептер тапшырылды.