КМШ курулуш ЖОЖдорунун ассоциация башкармалыгынын отуруму Кыргызстанда өтөт

КМШ курулуш ЖОЖдорунун ассоциация башкармалыгынын отуруму Кыргызстанда өтөт

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. 7-10-июнда Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин 30 жылдыгына карата Эл аралык курулуш ЖОЖдорунун ассоциация (КЖА) башкармалыгынын көчмө отуруму өтөт.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, көчмө жыйын КМКТАУда жана Ысык-Көлдө болот.

"Отурумга КМШнын алдыңкы ЖОЖдорунун ректорлору, Ассоциация башкармалыгынын мүчөлөрү, Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, Улуттук илимдер академиясынын академиктери, окутуучулары, бүтүрүүчүлөрү жана башкалар катышат", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Н.Исанов атындагы КМКТАУ - алгач Кыргыз архитектура-курулуш институту, 1998-жылдан тарта КМКТАУ, 2008-жылы эгемендүү Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун ысымы ыйгарылган. Быйыл КМКТАУ өзүнүн негизделгенинин 30 жылдыгын белгилейт. Бул маарекелик жыл КМКТАУга өлкө үчүн тарыхый маанилүү миссияны - Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун изилдөө иштерин жүргүзүү жана долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууну ишке ашыра баштаганы менен маанилүү.