Бишкек – Шу – Казань багытындагы алгачкы жүргүнчү поезди жөнөп кетти

Бишкек – Шу – Казань багытындагы алгачкы жүргүнчү поезди жөнөп кетти

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. 6-июнда №305 Бишкек – Шу – Казань багытындагы жүргүнчү поезди Бишкектен саат 17:03тө жөнөп кетти, Казанга бейшемби күнү жетет. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган багыт боюнча поезд жумасына бир жолу дүйшөмбү күндөрү каттайт.

№306 Казань – Шу – Бишкек багытындагы жүргүнчү поезди Казандан бейшемби күнү чыгып, Бишкекке жекшемби күнү келет. Жолдун жалпы узундугу 3 миң 286 чакырымды түзөт. Бир тарапты көздөй жолдо жүрүүнүн жалпы убактысы 64 саат 40 мүнөттү түзөт. Каттамга 6 вагон – 4 плацкарт, 2 купелик – тартылган.

Жол кире арзандатуулары боюнча:

Купелерде жана СВ вагондордо төмөнкү өлчөмдөрдө арзандатуулар бар:

45% – эгерде жаран поезд жөнөгөнгө чейин 45 күндөн 41 күнгө чейинки мезгилде жол жүрүү документтерин сатып алса;

35% – поезд жөнөгөнгө чейин 40 күндөн 11 күнгө чейинки мезгилде жол жүрүү документтерин сатып алса;

25% – поезд жөнөгөнгө чейин 10 күндөн 6 күнгө чейинки мезгилде жол жүрүү документтерин саып алса;

15% – поезд жөнөгөнгө чейин 5 күн же андан аз жол жүрүү документтерин сатып алганда.

Плацкарт вагондордо төмөнкү өлчөмдөрдө:

35% – поезд жөнөгөнгө чейин 45 күндөн 41 күнгө чейинки мезгилде жол жүрүү документтерин сатып алуу шарты менен;

25% – поезд жөнөгөнгө чейин 40 күндөн 11 күнгө чейинки мезгилде жол жүрүү документтерин сатып алганда;

15% – поезд жөнөгөнгө чейин 10 күндөн 6 күнгө чейинки мөөнөттө жол жүрүү документтерин сатып алганда менен;

10% – поезд жөнөгөнгө чейин 5 күн же андан аз жол жүрүү документтерин сатып алганда арзандатуу каралган.

Көрсөтүлгөн арзандатуулар 2022-жылдын 3-июнунан тартып, 2022-жылдын 28-декабрына чейин (ал күндү кошкондо) колдонулат, жана ички мамлекеттик каттамдарда (бир эле өлкөнүн, Россиянын, Казакстандын, Кыргызстандын чегинде) жол жүрүү документтерин жасап берүүдө, ошондой эле жүргүнчүлөрдүн уюшкан топторун ташууда колдонулбайт.

Сурап-билүү телефону (0312) 30-02-09, (0312) 92-68-54, (0312) 92-68-40.