Балбан Эрназар Акматалиев UWW рейтингинде биринчи орунга көтөрүлдү

Балбан Эрназар Акматалиев UWW рейтингинде биринчи орунга көтөрүлдү

Бишкек, 06.06.22. / Кабар/. Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) рейтингинде биринчи орунга көтөрүлдү.

Аталган уюмдун сайтында айтылгандай, Акматалиев 61 миң 520 упайы менен экинчиден биринчи орунга чыкты.

UWW рейтингинде эркин күрөш боюнча Улукбек Жолдошбеков (61 кг) алтынчы, Алибек Осмонов (70 кг) сегизинчи, Арсалан Будажапов (79 кг) тогузунчу орунда турат.

Эскерте кетсек, Эрназар Акматалиев Казакстандагы күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдеште алтын медалга ээ болгон.