КР ТИМ башчысы Эл аралык Түрк академиясынын президенти менен жолугушту

КР ТИМ башчысы Эл аралык Түрк академиясынын президенти менен жолугушту

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 3-июнда Эл аралык Түрк академиясынын демилгеси менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө түрк элдеринин ортосундагы илимий, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Министр боордош түрк тилдүү элдердин ортосундагы маданий-тарыхый байланыштарды жана руханий интеграциялоону чыңдоо үчүн Эл аралык Түрк академиясынын ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Д.Кыдырали Ж.Кулубаевге Түрк академиясынын 2021-жылкы ишинин жыйынтыгы жана жетишкендиктери, 2022-жылга белгиленген пландары жана пландаштырылган иш-чаралары тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, 2022-жылдын сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында Түркологдордун биринчи конгрессин өткөрүү пландалып, анда катышуучулар түрк мамлекеттеринин тарыхын жазуудагы актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Жыйындын соңунда Түрк академиясынын президенти КР тышкы саясат ведомствосунун жетекчисине Академиянын кезектеги илимий ишин – “Байыркы түрк жазма эстеликтеринин атласы” китебин тапшырды.