Акжол Махмудов Алматыдагы рейтингдик мелдештин жарым финалына чыкты

Акжол Махмудов Алматыдагы рейтингдик мелдештин жарым финалына чыкты

Бишкек, 03.06.22. / Кабар/. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Казакстандагы күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдештин жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Мелдеш 2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында өтүп, балбандар кыз-келиндер арасында, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча күч сынашууда.

Акжол Махмудов 82 кг салмакта турнирдин чейрек финалынан баштап катышууда. Алгачкы атаандашы түркиялык Бурхан Акбудак болду. Күрөш башталганда Махмудов төрт упайга түркиялык балбанды көтөрүп чапты. Бирок Акбудак бир-экиден упай топтоп жатып Акжолго жетип алды. Жыйынтыгында эсеп 5:5 болгону менен, кыргыз балбанынын аракети үчүн жеңиш ага ооду.

Эскерте кетсек, турнирдин биринчи күнүндө Жоламан Шаршенбеков (63 кг) жана Атабек Азисбеков (87 кг) коло байгеге татыган.