Bolat Turlykhanov Cup мелдеши: Бүгүн Акжол Махмудов менен Айпери Медет кызы күчүн сынайт

Bolat Turlykhanov Cup мелдеши: Бүгүн Акжол Махмудов менен Айпери Медет кызы күчүн сынайт

Бишкек, 03.06.22. / Кабар/. Бүгүн, 3-июнда Кыргызстандык төрт балбан Казакстандагы күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдешинде күчүн сынайт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Мелдеш 2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында өтүп, балбандар кыз-келиндер арасында, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча күч сынашууда.

Кармашуулар Бишкек убактысы менен саат 10:30да башталып, төмөнкү балбандар килем үстүнө чыгат:
Айпери Медет кызы – 76 кг;
Ильяс Ренат уулу – 77 кг;
Калидин Асыкеев – 82 кг;
Акжол Махмудов – 82 кг.

Эскерте кетсек, турнирдин биринчи күнүндө Жоламан Шаршенбеков (63 кг) жана Атабек Азисбеков (87 кг) коло байгеге татыган.