Германиянын Баден-Вюртемберг федералдык аймагында “Кымыз майрамы” өттү

Германиянын Баден-Вюртемберг федералдык аймагында “Кымыз майрамы” өттү

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Германиянын Баден-Вюртемберг федералдык аймагындагы Вальдбрунн айылында жергиликтүү кыргыз диаспорасы тарабынан уюштурулган “Кымыз майрамы” болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Германиядагы кыргызстандыктардын “Данек” аттуу коому тарабынан уюштурулду жана ага Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев катышты. Элчи майрамга келген кыргызстандыктарды жана жергиликтүү немис тургундарын “Кымыз майрамы” менен куттуктап, сөз сүйлөдү.

Майрамга Германиядан, Австриядан, Чехиядан келген 200гө жакын кыргызстандыктар катышты. Иш-чарада Германияда жана Австрияда жашап жаткан таланттуу музыканттардын аткаруусунда кыргыз элдик күүлөр жаңырып, кыргыз улуттук оюндар тартууланды. Майрамга келген конокторго кыргыз улуттук тамактары жана кымыз сунуш кылынды.

Мындай иш-чара Германиядагы жана Европадагы кыргызстандыктардын ынтымагын мындайн ары да бекемдеп, кыргыздын улуттук каада-салтын, маданиятын немец жергесинде жайылтууга салым кошот.

Кымыз майрамы Вальдбрунн айылында Цольманн аттуу үй-бүлөлүк жылкы чарбасында болуп өттү. Бул чарба көп жылдан бери кымыз жасап, бээнин сүтүнөн ар кандай косметикалык жана медициналык азыктарды чыгарып, немец калкына тартуулап келе жатат.

Андан тышкары, элчи Ө.Текебаев Кирхард шаарында жайгашкан “RID GmbH” компаниясына барып, башкы директору В.Редер менен жолугуп, компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жолугушуу учурунда элчи Ө.Текебаев башкы директор В.Редер менен аталган компаниянын ишин Кыргызстанда кеңейтүү маселелерин талкуулады.

“RID GmbH” компаниясы электр генераторлорду чыгаруу жаатында иштейт жана 2019-жылы Кыргызстанда кыргыз-герман биргелешкен ишканасын ачып, азыркы тапта ийгиликтүү иштеп келүүдө.