Үрүмчү – Бишкек аба каттамы июндан тарта жанданат

Үрүмчү – Бишкек аба каттамы июндан тарта жанданат

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Үрүмчү – Бишкек – Үрүмчү багыты боюнча аба каттамы июндан тарта жанданат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин ортосунда жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгы боюнча, КР Тышкы иштер министрлигинин, Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин активдүү иш алып баруусунун негизинде тараптар ушул жылдын июнь айынан баштап Үрүмчү – Бишкек – Үрүмчү багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдарын жандандыруу боюнча макулдашууга жетишти.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын калыбына келтирүү боюнча деталдуу маселелер жакынкы аралыкта эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда макулдашылмакчы.