Индиялык компания Кыргызстандын экономикасына $200 млн инвестициялоону кароодо

Индиялык компания Кыргызстандын экономикасына $200 млн инвестициялоону кароодо

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Индия өлкөсүнөн келген инвестор Исхан Шарманы кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кызматташуу, Ош облусунун аймагына гигиеналык каражаттарды куруучу ишкана куруу, туризм тармагында курулуштарды куруу боюнча сүйлөштү.

Ош облусунун башчысы облус аймагында аталган долбоорлорду ишке ашырууга толук мүмкүнчүлүк бар экенин айтып, завод жана беш жылдыздуу мейманканага ылайыктуу жер бар экенин билдирди.

Ошондой эле облус бийлиги инвесторлор үчүн керектүү шарттарды түзүү жана колдоого даяр экенин кошумчалады.

Сүйлөшүүдөн кийин Исхан Шарма облус аймагында гигиеналык каражаттарды чыгаруучу завод жана 5 жылдыздуу мейманкана курууга мүмкүнчүлүк бар жер аянттары менен таанышты.

Маалымат үчүн: Исхан Шарма Гонконгдогу, АКШ жана башка өлкөлөрдө жайгашкан Исхан компаниялар тобунун башкы директору Ракеш Кумар Шарманын уулу. Компания гигиеналык буюмдар, токулган эмес материалдар, кыймылсыз мүлк, билим берүү тармактары менен алектенет жана 360 миллион доллардын дүң жүгүртүүсү бар. Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин маалыматына караганда, Исхан Групп жакынкы 4-5 жылда Кыргызстандын экономикасына 200 миллион АКШ долларын инвестициялоо мүмкүнчүлүгүн кароодо.