Медкызматкерлер COVID-19 илдети тууралуу эң ишенимдүү маалымат булагы бойдон калууда

Медкызматкерлер COVID-19 илдети тууралуу эң ишенимдүү маалымат булагы бойдон калууда

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Медициналык кызматкерлер COVID-19 илдети тууралуу эң ишенимдүү маалымат булагы бойдон калууда. Бул Саламаттык сактоо министрлиги менен ДССУнун жаңы биргелешкен изилдөөсүнүн жыйынтыгы.

КР Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте Кыргызстандын калкынын COVID-19 илдети боюнча тажрыйбасына жана кабыл алуусуна талдоо жүргүзүүнүн 5-раундунун жыйынтыгын жарыялады.

Изилдөө көрсөткөндөй, саламаттык сактоо адистерине, Саламаттык сактоо министрлигине, мамлекеттик мекемелердин отчетторуна, ДССУга жана COVID боюнча ишеним телефондоруна ишенимдин жогорулашынын эсебинен, маалымат булагы катары саламаттык сактоо тармагына болгон ишеним 2021-жылдан бери жалпысынан (75%) өскөн.

Ошондой эле акыркы 3 айдын ичинде (2021-жылдын декабрь айы; 2022-жылдын январь, февраль айлары) респонденттердин 25%ынын жеке финансылык абалы начарлаган (2021-жылдагы деңгээлге салыштырганда, алардын финансылык абалы 35%га начарлаган).