COVID-19: Кыргызстан 31 млн сомдук медициналык жабдууларды алды

COVID-19: Кыргызстан 31 млн сомдук медициналык жабдууларды алды

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Кыргызстан USAIDден COVID-19га каршы күрөшүүгө колдоо иретинде 31 млн сомго медициналык жабдууларды алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөшүүгө колдоо иретинде кошумча лабораториялык, сервердик жана диагностикалык жабдууларды берди. Меджабдууларды тапшыруу аземине саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов катышты.

Баасы 31 миллион сомдук жабдуулар USAIDдин пандемияга каршы күрөшүү чараларын колдоосунун алкагында бүткүл өлкө боюнча мекемелер арасында бөлүштүрүлөт.

Буга чейин USAID КР ССМ Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине GeneXpert заманбап диагностикалык жабдуусун берген, ал COVID-19ду тестирлөө убактысын 5 сааттан 40 мүнөткө чейин кыскартат. Бул технология COVID-19ду гана эмес, кургак учук сыяктуу башка дагы инфекцияларды так аныктоого шарт түзөт.

Мындан тышкары, Департамент видеоконференц-байланыш системасын жана компьютерлерди алды, бул өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды кыйла натыйжалуу көзөмөлдөөнү шарттайт.⠀

"Пандемия өлкө COVID-19 оорусунун кескин өсүшүнө даяр болушу керектигин көрсөттү. Коронавирустун жаңы штаммдары пайда болууда, ошондуктан ооруканаларды жана башка медициналык мекемелерди жабдуудагы USAID жардамы өтө маанилүү", — деди Бектурганов.

Чүй облустук ооруканасы, Улуттук госпиталь жана Ош шаардык клиникалык ооруканасы дагы ар түрдүү жабдууларды, анын ичинде көчмө рентгент-жабдуу, видеобронхоскоп, дезинфекциолык камераларды жана сынамдарды ташуу үчүн контейнерлерди алышат.

Жардам USAIDдин саламаттыкты сактоо тутумунун туруктуулугун бекемдөө боюнча программасынын алкагында көрсөтүлүүдө. Пандемия башталганы Кыргызстанга ага каршы күрөшүүгө USAID 7 миллион АКШ долларын бөлгөн.