Кыргызстандын павильону Италияда өткөн 59-Эл аралык Венеция сүрөт көргөзмөсүнө алгач ирет коюлду

Кыргызстандын павильону Италияда өткөн 59-Эл аралык Венеция сүрөт көргөзмөсүнө алгач ирет коюлду

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын Италиядагы элчилиги “La Biennale di Venezia – 2022” 59-Эл аралык Венеция сүрөт көргөзмөсүндө биринчи жолу коюлган Кыргызстандын Улуттук павильонунун ачылышына катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземинде Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев сөз сүйлөп, тартууланган инсталляциянын бардык элементтерин даярдоодогу мыкты эмгеги үчүн маданияттын отличниги, дизайнер жана сүрөтчү Нурзат Жээнбек кызына, Кочкор шаарындагы «Алтын-Көл» бирикмесинин кол өнөрчүлөрүнө, Кыргызстандын өнөр жайынын өкүлдөрүнө, Кызыл-Туу айылынын боз үй чеберлерине, Каракол шаарынын «Бир продукт – бир айыл» бирикмесине, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине иш-чараны уюштурууга жана кыргыз улуттук кийимдерин камсыздоого көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.

Көргөзмөнүн куратору Ж.Ради менен сүрөтчү Ф.Фарман Фармаяндын Кыргызстандын дүйнөлүк маанидеги көргөзмөгө катышуусун уюштурууга максималдуу көмөк көрсөткөн салымын өзгөчө белгиледи.

Ошондой эле Италияда жана Улуу Британияда жашаган жарандарга павильонду көргөзмөгө даярдоого кошкон салымы жана павильондун ачылыш программасына катышкандыгы үчүн өзгөчө ыраазычылыктар айтылды.

Улуттук павильондун ачылышынын алкагында кыргыз кол өнөрчүлөрү тарабынан жасалган, борбордук элемент катары тундуктөн, ошондой эле боз үйдүн ички жасалгасынын шырдак, кийиз сыяктуу пано түрүндөгү элементтеринен турган инсталляция көрсөтүлдү.

Иш-чаранын маданий программасы Италияда жашаган мекендештер М.Жумалиевдин “Манас” эпосун айтуусу жана И.Жаныбердиевдин “Көйрөң күү”, “Ак тамак, көк тамак”, “Маш ботой”, сыяктуу белгилүү комуз чыгармаларынын аткаруусу, ошондой эле Улуу Британиядан келген мекендеш Г.Хамранын кыргыз элинин салттуу турмушу жана кол өнөрчүлүгү тууралуу аңгемеси менен уланды.

Соңунда бардык коноктор кыргыздын улуттук ашканасынын даярдалган тамактарынан даам татууга чакырылды.

Кыргызстандын Улуттук павильону 2022-жылдын 23-апрелинен 28-ноябрына чейин Giudecca Art District көркөм галереясындагы Венеция көргөзмөсүнүн бардык коноктору үчүн ачык.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Венециядагы Кыргызстандын Улуттук павильонунда Кыргызстандын жети дубанын символдоштурган жети сүрөттөлүштөн турган “ТҮНДҮК КӨЗҮ” деп аталган улуттук көркөм NFT биринчи коллекциясынын бет ачары «ILGERI Projects» фондунун директору Э.Абдыкалыков тарабынан күтүлүүдө.

Маалымат үчүн: Венеция көргөзмөсү 1895-жылы негизделген жана заманбап искусствонун, архитектуранын, кинонун, бийдин, музыканын жана театрдын жаңы тенденцияларын изилдөө жана жайылтуу үчүн эң абройлуу маданий аянтчалардын бири.