Эртең салттуу музыка жумалыгы башталат. Иш-чарага 45тен ашык өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө

Эртең салттуу музыка жумалыгы башталат. Иш-чарага 45тен ашык өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө

Бишкек, 19.04.22. / Кабар/. Бишкекте 45тен ашык өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда салттуу музыка жумалыгы өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, 25-апрель - салттуу музыка күнүнө карата 20-25-апрель аралыгында жумалык өтөт.

“Эртең саат 10:00дө жумалыктын ачылышы болуп, Уркуя Салиева атындагы сейил багында аспапчылык күн болот. Анда “Улут наркы” көргөзмө-жарманкеси өткөрүлөт. Ал эми саат 11:00дө Улуттук тарых музейинде IX Эл аралык музыка жана бий конгресси башталат. Конгресске Индия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан,Тажикстан, Азербайжан, Түркия, Россиянын Хакасия Республикасы, Тыва Республикасы, Алтай Республикасы, Бангладеш, Италия, Улуу Британия, Германия, Венгрия жана башка өлкөлөрүнөн окумуштуулар катышат”, - дейт ал.

Жаманкулов белгилегендей, конгресстин максаты – ааламдашуу доорунда салттуу музыкалык искусствонун сакталышын, өркүндөтүлүшүн, мазмундук, формалык жактан трансформацияланышын жана анын тарыхый, маданий, философиялык, социалдык маселелерин талкууга алуу болуп саналат.

“Салттуу музыка күнү быйыл 18-ирет белгиленүүдө. Быйылкы салттуу музыка күнүнө карата жарыяланган жумалыктын өзгөчөлүгү анын программасына буга чейин башка түрк тилдүү өлкөлөрдө өткөрүлүп келген Музыка жана бий конгрессинин камтылышы. Жумалыктын алкагында дастан, күү, ыр күндөрү өткөрүлүп, 25-апрель күнү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында чоң гала-концерт менен жыйынтыкталат. Жумалык эл аралык масштабда өтүп, жалпы 45тен ашык илимпоздор жана салттуу музыканы алып жүрүүчү өнөр адамдарынын келүүсү күтүлүүдө. Алгачкы 20дан ашык коногубуз келишти. Алыскы чет мамлекеттердин илимпоздору конференцияларга онлайн режиминде катышат”, - деди министр.

Министр ошондой эле жумалыктын ишинин жыйынтыгында резолюциялар кабыл алынып, материалдардын жыйнагы чыгарыларын кошумчалады.